Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

Кыргыз жарандарын Дүйшөмбү шаарындагы Эл аралык аэропорттон кармап, Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей жаткан учурлар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.
"2022-жылдын 30-сентябрына чейин Кыргызстан тарап Тажикстан тараптан Кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагына кирүүсү, андан чыгуу тартибинин өзгөргөндүгү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте билдирүүнү ала элек.
Ушуга байланыштуу министрлик Кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагына кирүүсүнө чектөө коюлушунун бардык кырдаал жана себептери такталганга чейин Кыргыз жарандарынан Тажикстандын аймагына баруу же Тажикстандын аймагы аркылуу транзит менен башка өлкөлөрдөн келүү, чыгуу сапарларынан убактылуу баш тартууну өтүнөт", - деп билдиришти министрликтен.
Тажикстандын аймагында Кыргыз жарандарынын укуктары бузулган же аларга карата кысым көрсөтүүлөр көрүнүшү болгон учурда жарандар Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жана Кыргызстандын элчилигинин ыкчам байланыш телефонундоруна кайрылса болот:
+996 551 312 000 - КРнын ТИМнин Консулдук департаменти;
+992887782223 - Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан