Мас-рестлингиг боюнча Кыргызстан курама командасы Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге жеңди.
70 килограмм салмакта Азамат Асанов, 110 килограмм салмакта Келдибек Атайбек уулу жана кыздар арасында 75 килограмм салмак даражада Дилбара Иманканова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору болушту. Ошондой эле 75 килограммдан жогорку салмактагылар арасында Назия Майлибашева күмүш медалдын, ал эми Бакдөөлөт Абылов жана Улукбек Ырыспаев коло байгенин ээлери болушту.
Белгилей кетсек, бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын капчыгындагы алгачкы алтын медалдар.