"Калганын иштетип жиберген". ИИМ Алмазбек Бейшеналиев 37 миң доллар кайтарып бергендигин билдирди

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мурда пара түрүндө алган 37 миң 500 долларды кайтарып берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге өлкөдөгү жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгондугу аныкталган. Андан соң токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн дагы 10 миң доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган", - деп билдиришти ИИМден.

Ошондой эле ИИМ кылмыш ишин тергөөнүн алкагында чет өлкөлүк студенттерди ата-мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда билим берүү жана илим министри өзгөчө ири өлчөмдө 110 миң доллары пара катарында алгандыгы тастыкталгандыгын билдирди.

"Тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып тергөө органдарына өткөрүп берди. Министрдин айтымында калган сумманы иштетип жиберген. Аны таап тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды. Калган маалымат тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча айтылбайт. Тергөө иш чаралары аяктаганда толук маалымат берилет", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

Бейшеналиев 28-сентябрда кармалып, 48 саатка камакка алынган.

Ички иштер министрлиги Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди жергиликтүү жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын айтып, видеосун жарыялаган.

Кечээ, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту министрдин баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечеимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adilbars
2022-10-01 13:22:00
Акыркы ректорлорду дайындаганга канча алганын кошо сурадыңарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан