Никол Пашинян Армениянын ЖККУдан чыгуу ыктымалдуулугу боюнча үн катты

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Саясатчы белгилегендей, уюм Арменияда ЖККУга карата коомдук маанай олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгонун да түшүнөт.

"Бир сүйлөшүүдө жадакалса ЖККУнун ичинде Арменияны жоготуп алуу коркунучу бар экени айтылды. Бирок мен "Армениянын өзүндө ЖККУну жоготуп алуу коркунучу бар" деп жооп кайтардым. Негизи бул сөз менен ойноо туура эмес. Бул абдан олуттуу", - деген Пашинян.

Саясатчынын айтымында, Ереван ЖККУдан Азербайжандын аракеттеринин натыйжасында түзүлгөн кырдаалга так саясий баа берүүнү күтөт. Ал ошондой эле Азербайжан менен болгон кагылышта ЖККУга кайрылып, бирок таң каларлык жооп алганын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2022-10-01 14:56:00
Туура кылат. Пайдасы тийбеген ЖККУнун кереги жок
+1
Жоомарт
2022-10-01 20:13:00
Ба
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан