Жалал-Абадда мэр карылардан кабар алып, майрамдык белектерди тапшырды (фото)

Бүгүн, 1-октябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин депутаты Назгүл Айдарова шаардагы бир топ улгайган инсандардан кабар алып, азык-түлүк баштыктары менен акчалай белектерин тапшырып, майрамы менен куттуктап кайтты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Калаа башчысы: “Сиздер турмуштук мол тажрыйбаңыздар менен бизге кеп-кеңешиңиздерди берип туруучу асыл инсандарсыздар. Сиздер майрам күнү гана эмес, ар дайым камкордук көрсөтүү биздин милдет", - деп баса белгиледи.

Ошондой эле аймактык башкармалыктардын башчыларына карылардан ар дайым кабар алып, зарыл болгон каражаттар, азык-түлүктөрдөн көмөк көрсөтүп туруу тапшырмасын берди.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында жалпы пенсия курагындагы 8 миңден ашуун улгайган жаран бар. Аларга жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан