Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Рават айылынын 102 жаштагы тургуну Асал Абдиломутовага жолугуп, ал-абалынан кабар алып, аны карылар күнү менен куттуктады.
Акылбек Жапаров ага чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.
Асал Абдиломутова – тылда эмгектенген, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесири.