Кыргызстанга келген орусиялык белгилүү блогер Илья Варламов Ысык-Көлгө барды. Бул тууралуу блогер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бүгүн мен бир күндү тоодо өткөрдүм. Алгач Нива, анан жакшынакай ат, андан кийин бузулайын деп калган УАЗ унаасы менен тоо аралап, сыйкырдуу Ысык-Көлгө бардым. Тоодо эч кандай байланыш жок, үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып жатат, бирок мен аны сезген жокмун. Анан мен айланамды карап, тоодо жүргөндө бул жаңылыктардын баары таптакыр маанилүү эмес экенин түшүндүм. Чоң кызматтагы адамдар дүйнөнү жок кылам деп чечсе, Ысык-Көл калат, мен ушул жерге отурукташып калам деп ишенем", - деп жазды Варламов.
Илья Варламов Бишкекке 29-сентябрь күнү келген. Келери менен эле ал Бишкек шаарында Орусиянын жарандары көбөйгөнүн байкаганын айткан.