Бишкек шаарында адам уурдоого шектелип 58 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 28-сентябрында болжол менен саат 21:20 чамасында "102" кызматына жаш бала уурдалды деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1980-жылы туулган С.А. аттуу аял короодо ойноп жүргөн баласын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган К.Г. аттуу аял кишини кармашып, Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.