Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаевге өткөрүп берди.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өткөрүлдү. 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышкан мелдеште Кыргызстандан 148 спортчу, спорттун 11 түрү боюнча күч сынашты.
Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.