Ош шаарынын күнү быйыл жылдагыдай шаан-шөкөт менен белгиленбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Мындай чечим Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу кабыл алынган.
"Майрамга карата "Байыркы шаардын баяны" аттуу чакан сынак гана уюштурулат", - деп айтылат билдирүүдө.
"Акындар ырында байыркы Ош шаарынын тарыхый-маданий баалуулуктарын, көркөм жана кооз жерлерин даңазалашы керек. Ырлар мурда сынакта окулбаган жана эч жерде жарыяланбаган болушу шарт", - деп жазылган маалыматта.
Ош шаарынын туулган күнү 5-октябрда белгиленет. Бул күнү калаа 3022 жашка толот.