Ат-Башыда алты тоо эчкини өлтүрүп, этин алып келе жаткан жаран кармалды (фото)

Нарын облусунун Ат-Башы районунда алты тоо эчкини өлтүрүп, этин алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 3-октябрга караган түнү Ат-Башы районундагы "Босого" экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалган. Кармалган жаран Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну. Анын жанынан 6 тоо текесинин эти табылган.

"Окуя болгон жерде акт түзүлүп. Топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal11
2022-10-03 17:29:00
Мындай акмакты акчасын алып кайра кое бербестен камаш керек 10-20 жылга, камап кайра эртеси кое бербестен.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан