Мэрия Бишкекке качан жылуулук бериле баштаарын айтты

Бишкек шаарынын тургундарынын үйлөрүнө жылуулук берүү нормаларга ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жылуулук берүү мезгили 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 градустан төмөндөгөндө бериле баштайт. Бүгүн, 3-октябрь, 3-гана күн. Ошондой эле объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат.

"Алгач бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, андан кийин турак жайлар, жылуулук энергиясына карызы жок өндүрүш ишканалары жана мекемелери жана башка объектилер жылуулук менен камсыздалат.

Урматтуу шаар тургундары! Кышка кам көрүңүздөр! Терезе, эшиктериңиздерди жылуулап, отун, көмүр камдап алыңыздар жана жылуу кийиниңиздер", - дешти мэриядан.

Көп кабаттуу үйлөрдү жылуулукка туташтырууда, үйлөрдүн жогорку кабаттарында жайгашкан Маевскийдин крандары аркылуу жылытуу тутумунан абаны чыгаруу керек. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан