Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинага дагы бир аскер бөлүгү жөнөтүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал телеграм каналына жазды.
"Украинага машыгуудан өткөн аскерлердин дагы бир бөлүгү жөнөтүлдү. Учурда биз дагы бир аскердик түзүмдү жөнөтүүгө даярданып жатабыз. Жакында эле биз жиберген аскерлер бир нече калктуу пункттарга кирип кетишти. Мурда биз бул шаарлар менен айылдардын бардыгын бошотконбуз. Эми дагы бошотуп баштайбыз", - деп жазды Кадыров.
Анын айтымында, Украинага бөлүктөрдү жөнөтүү чабуул линиясын мүмкүн болушунча тыгыз кылуу үчүн зарыл. Атап айтканда, аскерлер чабуулда бири-бирин алмаштыра алышы үчүн. Ошол эле учурда Кадыров чабуул бир мүнөткө да токтобой турганын белгиледи.