Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базар ишке кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык мэриядан билдиришти.
"Муниципалдык базар чачкынды соода жайларынан көчүрүлгөн соода-түйүндөрү кардарлар үчүн кызмат көрсөтө баштады. Учурда аталган базардан соода жайларын алган соодагерлер товарларын алып келүүсүн улантууда. Андыктан шаарыбыздын жашоочуларын жана конокторун жаңы базарга барып, соода кылууга чакырабыз", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Эки жолу өрт чыккан Жалал-Абад шаарынын борбордук базары белгиленген өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик шаардын борбордук базарын коопсуз жайга көчүрүү чечимин чыгарган.
Жаңы базардын аянты 3,5 гектар жерди ээлеп, ал жерде бардык шарттар түзүлгөн. Муниципалдык базарда миңге чукул соода жайлары, атайын унаа токтотуучу жайы бар.
Жаңы муниципалдык базардын курулушуна шаардык бюджеттен 25 миллион сом бөлүнгөн. Бул базардын ачылышы менен жергиликтүү бюджетке кирешенин көбөйүшү күтүлүүдө.