
Орусиянын аймагында жүргөн мигранттардын аскерге чакырылуусу тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
"Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу элчилик кыргызстандыктардан такталбаган маалыматтарды жетекчиликке албоосун жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоосун өтүнөт.
Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.