"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 7 мүчөсү кармалды

“Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 7 мүчөсү кармалган.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында, кармалгандардын жашаган жеринен электрондук каражаттар (уюлдук телефондор жана ноутбуктар), ошондой эле диний мүнөздөгү маалыматтарды камтыган ар кандай адабияттар жана брошюралар табылган.

"Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган материалдарда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” уюмунун идеологиясынын жана ишмердүүлүгүнүн белгилери бар экени тастыкталды. Андан сырткары тергөө учурунда кылмыш ишинин айрым айыпталуучулары күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, диний-экстремисттик аракеттерге катышкандыгы үчүн өкүнүшкөнүн билдиришкен", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан