Соңку жумада өлкөдө 16 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды

Акыркы жумада республикада 16 миң 457 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришет.

Алардын ичинен:

- белгиленген ылдамдыктан ашкан 3688;
- тиешелүү документи жок унаа башкарган 247;
- эксплуатациялоо эрежелерин бузган 4931;
- авто ээнбаштык 14;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол эрежелерин бузган 743;
- тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкарган 76;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 5614;
- терезелери караңгылатылган унаа башкарган 36;
- мас абалында транспорт каражатын башкарган 281;
- унаа токтотуучу жайга коюлду 1084.

Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан