Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Маалыматты УКМКдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 1-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалган.
Такталгандай, ал чет элдик жаранды кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен андан 150 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.
Кызматкер Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Жазык-процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалды. Ал УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.