Жалал-Абадда жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 3-октябрда Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Шаардык мэриянын маалымат борбору кабарлагандай, каражат өкмөт тарабынан "Үй-бүлөгө көмөк" долбоорунун алкагында берилүүдө. Эми каражат алган үй-бүлөлөр ишкердик баштап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарынан чыгууга аракет көрөт.

Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаты Камила Талиева, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын жетекчиси Накай Кожиро жана сертификат алууга келген үй-бүлөлөр катышты.

Иш-чаранын алкагында, буга чейин 100 миң сомдон каражат алып, чакан ишкердик баштаган үй-бүлөлөр тарабынан көргөзмө уюштурулду.

Белгилей кетсек, аталган долбоор министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Анын алкагында ушул мезгилге чейин 2800 үй-бүлөнү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 100 миң сомдон акча каражаты берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан