1-октябрдан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалыматында жазылат.
Маалымдалгандай, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15 пайызга жогорулаган.
"Социалдык фонддун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2022-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 735 миң 700 адамды түздү. Боло турган пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түздү. Бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33 пайызга же 1988 сомго жогору.
735,7 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 4 миллион 424 миң 300 сом анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 миллион 83 миң сом, пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 1 миллион 341 миң 300 сом кошумча каражат керектелет", - деп жазылат маалыматта.
Пенсионерлер 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларын жогорулатылган өлчөмдө алышат.
Эске салсак, буга чейин өлкөдө пенсиянын орточо өлчөмү 6 100 сомдун тегерегинде болчу.
Маалымат үчүн:
Буга чейин октябрь айында министрлер кабинети пенсияны 50 пайызга көтөрүүнү пландап жатканы маалымдалган. Тиешелүү токтом 2021-жылдын 25-декабрында кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттен пенсия үчүн 90 миллиард сом бөлүнөрүн билдирген.
"Пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 миллиард сом каралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 миллиард сом бөлөбүз", - деген өлкө башчы.
Социалдык фонддун төрагасы 2023-жылдын 1-январынан тарта эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 7 миң 200 сом болорун билдирген.