Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташууга шектүү жаран кармалды. Маалыматты ИИМден билдиришти.
Кабарлангандай, БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына «К» аттуу жаран Ысык-Көл жана Нарын аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Булан-Соготту айылында Чаек районунун Жаңы-Арык айылынын 44 жаштагы К.К. аттуу тургунунун башкаруусунда Мазда-323 унаасы токтотулган. Унаанын багажынан төрт баштык баңги каражаты табылып алынган.
Бул факты боюнча 1978-жылы туулган К.К. аттуу Нарын облусунун Чаек районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну кармалды. Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык, алынган зат салмагы 20 килограмм 218 граммды түзгөн марихуана баңгизат каражаты болгон.
Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.