Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чемпион аталган көк бөрүчүлөр Бишкекке келди (видео)

Бүгүн, 4-октябрда Түркиянын Изник шаарында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чемпион аталган көк бөрү боюнча Кыргыз курамасы Бишкекке келди.

Көк бөрүчүлөрдү "Манас" эл аралык аэропортунан күйөрмандар, федерация өкүлдөрү жылуу тосуп алышты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалында көк бөрү боюнча Кыргыз курамасы Казакстанды 5:0 эсебинде жеңип алган. Казакстандын көк бөрүчүлөрү үчүнчү бөлүктө оюн талаасына чыкпай коюшкан.

Ал эми көкпар боюнча Кыргыз улуттук курама командасы финалда Казакстанга 3:4 эсебинде жеңилип, күмүш байге утту.

Кыргыз көк бөрүчүлөрү Бишкекке келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан