Сокулукта архитектура башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Сокулук районунун мамлекеттик архитектура башкармалыгынын кызматкери 80 миң сом пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Кабарлангандай, үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрь күнү милицияга Военно-Антоновка айылынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Арызында Сокулук райондук мамлекеттик архитектура бөлүмүнүн “Р” аттуу кызматкери жаңы үйдүн курулушуна жана чийме эсептөөлөрдү камтыган архитектуралык долбоорду тез арада аяктап берем деп 150 миң сом акча талап кылып жаткандыгы жана ага чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Анын негизинде “Опузалап пара алуу” фактысы менен кылмыш иши козголуп, милиция тарабынан атайын иш-чара өткөрүлгөн.

Ыкчам иш-чаранын натыйжасында Романовка айылындагы Фрунзе жана Гагарина көчөлөрүнүн кесилишинен 80 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1986-жылы туулган С.Р. кармалган.

Далил катары анын шымынын чөнтөгүнөн арыз ээсинен алган 80 миң сом акча алынган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Архитектура кызматкери пара менен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан