"Кызматынан кыянаттык менен пайдаланган". Финансы министрлигинин пара алган кызматкери абакка киргизилди

Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы Р.С. кызмат абалынан пайдалануу менен жеке кызыкчылыктарын жогору коюп, кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом талап кылып алып, ал каражатты жеке максаттарына жумшаган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында 24-сентябрда Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы, 1966-жылы туулган Р.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

26-сентябрда ага айыбы угузулуп, Р.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ведомствонун ички аудит кызматынан ар кандай кызмат орундарына жумушка алуу үчүн акча алып жүргөндүгү аныкталган.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүү Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан