Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Мамбетакунов эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, жаңы жетекчини эмгек жамаатка Акылбек Жапаров тааныштырган.
"Билим берүүнү реформалоо - бул социалдык муктаждык, ал чындап эле алынган билимдин сапатын жогорулатып, педагогикалык жамааттын билимин жана квалификациясын эл аралык деңгээлге көтөрүшү керек. Бул биринчи кезектеги милдет", - деп баса белгиледи Жапаров.
Өз кезегинде жаңы жетекчи министрликтин жамааты менен биргеликте алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.