Чүйдүн Москва районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Кабарлангандай, бүгүн, 4-октябрда Москва районунун Ак-Суу айылындагы ипподромдо болжол менен 45-50 жаштагы, европа түспөлүндөгү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү табылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын аты-жөнү такталып, 1986-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.