Бишкектин Медеров көчөсүндөгү 12 кабаттуу турак жай боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Медеров көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу турак жай мыйзамсыз курулгандыктан кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратура тарабынан маалымдалды.

Маалыматта жазылгандай, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан курулуш тармагындагы мыйзамдардын аткарылышы текшерүүгө алынган.

Анын жүрүшүндө “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эксперттик комиссиясынын кызматкерлери шаар куруу жана өрт коопсуздугу талаптарын эске албай, жанаша турган жерлердин ээлеринин конституциялык укуктарын бузуп, Медеров көчөсү менен Матросов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна уруксат кагаздарын берип коюшкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан аталган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан