Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлады. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.
"Орусия Федерациясы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого, ошондой эле регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга кошкон зор жеке салымы үчүн III даражадагы "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон сыйланды", - деп жазылат маалыматта.