Ошто 61 жаштагы жаран баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, Ж.С. аттуу жаран Ош облусунда жалпы салмагы 2 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.