"Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагынын жеңүүчүсү Гульназа Туленбаева 10 жылдан бери тарбиячы болуп иштеп келе жатат. Учурда ал Ош шаарындагы №39 “Күн нуру” бала бакчасында эмгектенет.
Тарбиячылардын республикалык сынагына 7 дубандан 7 тарбиячы катышты.
"Ош шаарында сынак май айында башталып, 3 этап менен өткөн. Ал жактан биринчиликти алып республикалык сынакка келдим. Бишкекте сынак 3 тур менен өттү. Биринчи этап презентация, 2-этап тест, сынактын 3-этабы №182 бала бакчада болуп, анда ачык саат өттүк.
Сынак ачык болду. Жеңем деп келдим эле максатыма жеттим", - деп кубанычы менен тең бөлүштү Туленбаева.