Чүйдө 12 жаштагы окуучу атасы менен уруша кетип, асынып алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 4-октябрда милицияга саат 10:30дар чамасында Раздольное айылындагы үйлөрдүн биринде 2010-жылы туулган А.У. аттуу бала асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып чоо-жайын тактаганда атасы аны урушуп, сыртка чыгууга тыюу салганы белгилүү болгон. Болжолу андан кийин өспүрүм асынып алган.