
Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда көп кабаттуу үйдүн чатырынан кулап кеткен аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-октябрь күнү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын Конкин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган улгайган аял үйдүн чатырына буюм алуу үчүн чыгып, экинчи кабаттан кулап кеткен.
Кокустуктан улам буту сынып, жаракат алгандыгы тууралуу маалымат ӨКМнын 112 кызматына түшкөн.
Жерине ӨКМнын №36 өрткө каршы бөлүктөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган аялды биринчи кабаттан чыгарып, "Тез жардамдын" кызматкерлерине тапшырышкан.