Бүгүн эстрада ырчысы Айдана Дека 26 жашка толду. Ал 1996-жылы 5-октябрда төрөлгөн. Кичине кезинен чыгармачылыкка аралашып жүргөн ырчы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эстрадалык вокал бөлүмүн аяктаган. Анын репертуарында "Кыздын сыры", "Жигитке, "Бийле", "Жыргап жаша", "Кыргызым", "Мен сенин эркең", "Өмүр уланат", "Планета", "Жан-жан", "Энекем" жана башка ырлар бар.
Ырчынын туулган күнүн утурлай анын секелек курагынан буралган бийкеч жана 2 кыздын энеси, сүйүктүү жар болгонго чейинки сүрөттөрүн топтодук.
Айдана Дека 2019-жылдын март айында ырчы Аваз Акимовго турмушка чыккан. Кош жылдыздар 2020-жылдын 16-январында Ариана аттуу кыздуу болушкан. Ал эми түгөйлөр 2021-жылдын 17-июлунда экинчи ирет ата-эне макамына ээ болуп, Лиана аттуу кыздуу болушкан.
5-октябрдын жылнаамасы.