УКМК: "200 килограмм сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылгандар кармалды"

Жалпы салмагы 200 килограмм болгон сымапты мыйзамсыз сатуу каналы токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кабарлангандай, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында жалпы салмагы 200 килограмм металл сымапты 1 килограммын 100 АКШ долларынан мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1965-жылы туулган Б.Ж., 1981-жылы туулган А.М. жана 1995-жылы туулган А.у.Б. аттуу жарандар кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен кармалган жарандар тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда өтө эффективдүү уулуу затты уурдоо, ташуу жана сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан