"90 пайыздан ашыгы жабыркаган дене табылган". УКМК Дастан Анарбеков боюнча үн катты

Тажикстандын кол салуусунан кийин Баткенде бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

"Тилекке каршы, дене сыртынын 90 пайыздан ашыгы жабыркагандыктан анын өздүгүн дароо аныктоо мүмкүн болгон жок. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады. Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык экспертиза - ДНК тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды", - деп билдиришти УКМКдан.

ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына маалымдалат.

УКМК ошону менен бирге генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Дастан Анарбековду издөө иш-аракети күч менен улантыларын билдирди.

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев коңшу Тажикстандын кол салуусунан кийин дайынсыз болуп жаткан аскер кызматкери Дастан Анарбеков боюнча маселени көтөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан