Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушунда кошунасын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, бүгүн, 5-октябрга караган түнү саат 00:05 чамасында 102 кызматына Ак-Ордо жаңы конушунда бычактан жаракат алды деген маалымат түшкөн.
Аныкталгандай, шектүү 1991-жылы туулган У.А. аттуу жарандын төшүнө бычак сайган. Ошол абалда жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген. Бирок ооруканада каза болгон.
Шектүү мас абалында болуп, кошунасын ашкана бычагы менен сайып жибергени белгилүү болду.
Жүргүзүлгөн ыкчам кармоо иш-чараларынын алкагында, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалды. Учурда ал Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилди.