“Макмал алтын” комбинатынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

“Макмал алтын” комбинатынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Кабарлангандай, Жалал-Абад облусунун прокуратура кызматкерлери тарабынан комбинаттын филиалында текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

"Текшерүүдө “Кыргызалтын” ААКсынын “Макмал алтын” комбинаты филиалынын жана “Кыргызалтын” ААКсынын "Кыргызалтын-курулуш" филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 миллион 143 миң 686 сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Аталган факты боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан