"155 миллион сомдук зыян". Бишкек мэриясы автобус сатып алууда мыйзам бузган

Бишкек мэриясы автобус сатып алууда мамлекеттин бюджетине зыян келтирген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан шаардык мэрияга караштуу “Бишкек автотранспорт муниципалдык ишканасы” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анда 154 миллион 827,3 миң сомго ашыра баалоо менен жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча келишим түзүлгөндүгү аныкталды.

Тактап айтканда, аталган ишкананын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдаланып, башка жөнөтүүчүлөрдүн катышуусун атайылап чектеп, мыйзамда белгиленген конкурстук тооруктарды өткөргөн эмес. Ошол эле учурда буга чейин өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыктарын эске албастан, 2022-жылдын 15-августунда ZHONGTONG BUS HOLDING CO LTD компаниясы менен 1 даанасы 91 миң доллар, жалпы суммасы 10 миллион 920 миң доллар болгон 120 даана чоң сыйымдуулуктагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды алып келүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүшкөн.

Мындан тышкары сынактык документациянын талаптарын бузуу менен келишимдин шарттарында бажылык жол-жоболоштуруу жыйымдарын жана ар кандай салыктарды сатып алуучу төлөп, автобустарды жеткирүү Кыргызстандын чек арасына чейин гана жүргүзүлөөрү мыйзамсыз белгиленген.

Натыйжада бажы алымдарын жана жыйымдарын, ошондой эле импорт салыгын кошкондо, 1 автобустун накталай баасы 112 339,5 долларын түзүп, SH.S.S.V. CO LTD компаниясы (экинчи сынактын катышуучусунун эң арзан баасы) сунуштаган баадан 15 889,5 долларга, ал эми жалпысынан келишимдин баасы 1 906 740 долларга же 154 миллион 827,3 миң сомго жогору түзүлгөн.

Ошондой эле "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана сынактык документациянын талаптарын бузуу менен ишкананын башкы бухгалтери жана башка жооптуу адамдары менен макулдашпастан туруп, жөнөтүүчү тарабынан банктык кепилдикти албастан, муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Т. жеке өзү мыйзамсыз түрдө ZH.B.H. CO LTD компаниясына келишимдик баанын 10 пайыз же болбосо 1 миллион 92 миң доллар өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды алдын ала которуп жиберген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (атайылап пайдасыз келишим түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан