Бишкек-Ош жолунун 610-чакырымында Toyota Camry жана Mercedes-Benz унаалары сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 610-чакырымында (Өзгөн шаары) Toyota Camry жана Mercedes-Benz унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 4 эркек адам (2002-жылы туулган Ж.А., 1999-жылы туулган К. уулу Б., 2000-жылы туулган А.Б., 1994-жылы туулган Т.Н.) ар түрдүү жаракат алышкан", - деп билдиришти ӨКМдан.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган адамдарды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.