Гүлнур Сатылганова КМШ өлкөлөрү боюнча тандоодо “Айкөл Манас - Жылдын адамы” наамына ээ болду

Кечээ, 5-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КМШ өлкөлөрү тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү “Жылдын адамы - Жылдын тандоосу” долбоору болуп өттү. Бул жылы Кыргызстандан заманбап кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн  “Айкөл Манас - Жылдын адамы” наамына Гүлнур Сатылганова ээ болду.

Ырчыга байланышканыбызда “Мага бир жума мурун чалып, концертке келип ырдап бербейсизби” деп суранышканынан макулдугумду берген элем. Кечээ барып "Асман" деген ырымды ырдадым. Бир убакта мени сахнага чакырып, бул наамды тапшырышты. Чынында, бул мен үчүн күтүлбөгөн, жагымдуу белек болду. Менин ийгилигим - кыргыз элимдин ийгилиги!" деп кубанычы менен тең бөлүштү. 

Эске салсак, эл аралык статустагы бул тандоо Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Украина жана Беларуста өткөрүлүп келет. Наамдар маданият, искусство, бизнес, медицина, спорт тармагына салым кошкон инсандарга ыйгарылат. 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bey
2013-12-06 11:57:20
Куттуктайбыз!!!!!!
0
rnurzida
2013-12-06 11:59:19
Сыйлык кут болсун!
0
alai81
2013-12-06 12:02:25
куттуктайм
0
balshirin
2013-12-06 12:05:23
Эн туура тандоо болуптур Гулнурдун ырын дайыма суйуп угамын Таланты ташкындай берсин
0
mirbakg
2013-12-06 12:10:03
Сыйлыкка татыктуу эжебиз !
0
Ernestik
2013-12-06 12:10:58
Чыныгы жылдыз. Кыргыз сахнасынын жылдызы. Куттуктайм!
0
Jamalym
2013-12-06 12:11:38
Куттуктайбыз,бар болунуз Гулнур эже!
0
bekos2012
2013-12-06 12:22:13
Сыйлыгыныз кут болсун, Сиз мындан да жогорку сыйлыктарга татыктуусуз! Сизди суйом!
0
abdykalyk81
2013-12-06 12:46:32
Алматадагы кыргыздар куттуктайбыз эже бар болунуз ардайым
0
mamashov-emil
2013-12-06 12:54:42
naamynyz kut bolsun ejeke kyrgyz eli uchun ar daiym aldyga umtula beriniz kudaiym ozu sizdi koldoit
0
Almabek
2013-12-06 13:14:06
Гульнур Сатылганова кудай ар тараптуу онор берген кыргыздын чыгаан, сулуу айымы. Сыйлыгыныз кут болсун! Ырларын уккандан эч качан эч ким жадабаса керек. Ийгилик Сизге!
0
Shekerbek
2013-12-06 14:35:10
красавица да ушул эже! ырчы деп ушуну айт
0
gulu_8480
2013-12-08 12:53:54
кут болсун
0
kakebrat
2013-12-12 00:21:30
куттуу болсун,дагы дагы ийгиликтер болсун, ош шаарына качан келес?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан