Күрөш боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргыз балбандары Испаниянын Понтеведера шаарында 23 жашка чейинкилер арасында өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча департаменттен билдиришти.

Маалымдалгандай, мелдеш 15-24-октябрь күндөрү улуттук курама команданын мүчөлөрү грек-рим жана эркин күрөш боюнча күч сынашат.

Дүйнө чемпионатына катыша турган курама команданын тизмеси:

1. Таалайбек Бейшенбек уулу, 55 килограмм;
2. Аманат Самат уулу, 67 килограмм;
3. Адилхан Нурланбек уулу , 72 килограмм;
4. Акылбек Талантбеков , 77 килограмм;
5. Бексултан Назарбаев, 82 килограмм.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жана курама команданын улук машыктыруучусу Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Эркин күрөш боюнча:


1. Бекзат Алмаз уулу — МС 57 килограмм
2. Мухаммад Абдуллаев — МС 79 килограмм
3. Карыпбаев Нуртилек — МС 86 килограмм

Эркин күрөш боюнча курама команда улук машыктыруучу Русланбек Маджинов жана башкы машыктыруучулар Исламбек Тазабеков менен Табылды уулу Сүймөнкулдун жетекчилиги алдында катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан