
Жалал-Абадда өз өмүрүнө кол салган аял киши куткарылды . Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-октябрь күнү саат 17:15 чамасында Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырына 1 аял киши чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылууда деген маалымат келип түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө 3 куткаруучу тартылып, турак үйдүн 4-кабатындагы батирдин эшигин бузуп кирип, жаранды куткарып калышкан. Өмүрүнө кол салган аял киши мас болгондугу аныкталган.
Куткаруучулар аялды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.