Кыргызстан таэквондо боюнча Дүйнө кубогунда 18 алтын медаль утту

Кыргызстандык спортчулар таэквондо GTF боюнча Дүйнө кубогунда 18 алтын медаль утту. Бул тууралуу өлкөнүн таэквондо федерациясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Дүйнө кубогу Казань шаарында 28-сентябрдан 3-октябрга чейин өткөн. Эл аралык мелдешке 16 өлкөдөн 750дөн ашык спортчу катышкан.

"Кыргызстандын атынан 19 спортчу барып, 30 медаль багындырды", - деп айтылат маалыматта.

Анын ичинен 18и алтын, 9у күмүш жана үчөө коло медаль.

Жалпы командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы экинчи орунга ээ болду. Биринчи орунда Орусия болсо, үчүнчүдө Өзбекстан жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema11
2022-10-06 14:08:00
Азаматтар! Жараткан өзү колдосун..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан