"Ак шумкарлар" ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 95-орунга жайгашты

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 95-орунду сактап калды. Мындай маалымат уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Жаңыланган рейтинг бүгүн, 6-октябрда жарыяланды. Анда кыргыз курамасы 1230 упай менен 210 мамлекеттин ичинен 95-орунда сакталып калды.

ФИФАнын жаңыланган рейтингинин сап башын Бразилия ээледи (1841 упай.) Экинчи орунга Бельгия (1816), үчүнчүгө Аргентина (1773) жайгашты.

Орто Азиядагы башка өлкөлөрдөн Өзбекстан 77, Тажикстан 108, Казакстан 113 жана Түркмөнстан 135-орунга жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан