Бишкекте тургунду тоноого шектелип 2 аял кармалды

Бишкек шаарында тоноо фактысына шектүү 2 аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБи тарабынан белгилүү болду.

Билдирүүгө ылайык, 26-сентябрда милиция кызматына А.С.аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 12:30 чамасында Армейская көчөсүндө күч колдонуу менен 15 миң сомдук RedmiNote10 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып из жашырып кеткен белгисиз аялдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 206-берене (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 36 жаштагы Т.Б. жана 31 жаштагы М.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.

Жогорудагы жарандардын кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0(702) 40-50-65, 0(705) 07-08-08 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан