Жалал-Абадда мал сарай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-октябрда Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ айыл өкмөтүнүн Восточный көчөсүндө мал сарай өрттөнүп жатат деген кабар саат 12:18де түшкөн.
Жерине №83 ӨККБдөн 2 бөлүм тартылып, белгиленген аймакты 12:46да курчоого алып, саат 16:29да толугу менен өчүрүшкөн.
150 чарчы метрлүү жанаша курулган мал кармоочу сарай толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.