Орусиянын президенти Владимир Путин 1952-жылы 7-октябрда төрөлгөн. Анын балалыгы Санкт-Петербург шаарынын четинде өткөн. Болочок президенттин 2 агасы жаш кезинде чарчап калган. Путиндин ата-энеси жупуну шартта, коммуналдык кызматкерлерге берилген батирде 2 үй-бүлө менен кошо жашаган. "Апам бизге котлет, блинчик жасап берчү. Жекшемби жана майрам күндөрү картошка, эт жана күрүч менен жасалган пирожки жейт элек. Аябай даамдуу жасачу" деп эскерет балалыгын Путин. Мектепте окуп жүргөндө ал абдан шок болгон.
«Начар окуйт эле. Бирок анын эске тутуусу жакшы, зээндүү болчу. Ошондуктан Владимирге өзүнчө мамиле кылууну баштагам» деп эскерет анын мугалими. Владимир бала кезинде чалгынчылар тууралуу фильмдерди көп көргөндүктөн чоңойгондо атайын кызматта иштөөнү кыялданган. Мектепти аяктаган соң 1970-жылы Ленинград мамлекеттик университетине юридика адистиги боюнча окууга тапшырат. Университетти аяктаган соң СССРдин Мамлекеттик коопсуздук кызматына (КГБ) жумушка алынат.
БОРИС ЕЛЬЦИНДИН МУРАСКЕРИ
1985-1990-жылдары Путин атайын кызматтын тапшырмасы менен Германияда аймактык чалгынчы болуп иштеп, подполковник даражасына чейин жетет. «Эмгек сапарда жакшы иштесең кызматтан бир тепкичке көтөрүлөсүң. Мен эки тепкич көтөрүлгөм» деп эскерет ал күндөрүн.
Владимир Путин Санкт-Петербург шаарынын мэри Анатолий Собчактын командасында инвестиция тартуу боюнча комитетти жетектейт. Собчак 1996-жылкы губернаторлук шайлоодо жеңилип калган соң Путин саясатты таштап, таксист болуп иштөөнү чечет. Бирок ага Орусиянын президентинин иш башкаруучусунун орун басары кызмат орду сунушталат. Ошентип Путин Москвага кетип, ал жерде юридикалык маселелер боюнча жооптуу болуп иштей баштайт.
Орусиянын ал кездеги президенти Борис Ельцин атайын кызматта мол тажрыйба топтогон Путинди 1998-жылы Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору, 1999-жылы Коопсуздук Кеңешинин катчысы кылып дайындайт. 2 жооптуу кызматты бирдей алып кеткенине ыраазы болгон Ельцин ага премьер-министрлик кызматты сунуштайт. Ошентип Путин 1999-жылы августта Орусиянын өкмөт башчысы жана Ельциндин мураскери катары коомчулукка жарыяланат. Жаңы кызматка киришкен Путин Чеченстандагы согушту ийгиликтүү жөнгө салып, тынчтык алып келген соң дүйнөгө жаңы саясий лидер катары таанылат. 1999-жылдын 31-декабрында президент Борис Ельцин мураскери Владимир Путинге өлкө башчынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берет.
2000-жылы 26-мартта Путин 53 пайыз добуш менен Орусиянын президенти болуп шайланган. Ал эми 2004-жылы 14-мартта экинчи ирет президенттикке келген. 2008-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчы болуп 2012-жылга чейин иштеген. 2012-жылы 4-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтүп, Владимир Путин 63,6 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланган. Ал эми ошол эле жылдын 7-майынан тартып расмий түрдө ишке киришкен.
2018-жылы Орусия президентин шайлоодо Владимир Путин элдин 76,6 пайыз добушу менен 4-ирет президенттикке шайланган.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
1983-жылы Владимир Путин 30 жашында 25 жаштагы Людмила Шкребнева менен баш кошкон. Экөө 1985-жылы Мария жана 1986-жылы Екатерина аттуу эки кыздуу болушат. Арадан 30 жыл өткөн соң, тагыраагы, 2013-жылы Путин менен Шкребнева расмий түрдө ажырашканын коомчулукка жарыялашат. Бул кадамды экөө тең туура көргөнүн ачыкташкан. Орусиялык ЖМКлар «ажырашууга Путин менен спортчу, депутат Алина Кабаеванын жакын мамилеси себеп болгон» деген божомолду жазып чыгышкан. Шкребнева 2016-жылы Артур Очеретный аттуу ишкерге турмушка чыккан. Ал эми Путиндин учурда расмий жубайы бар же жок экени белгисиз.
Айрым маалыматтарда Орусия лидери 2008-жылдан бери Алина Кабаева менен жашары айтылып келет. Ошондой эле айрым интернет сайттары алар 2009-жылы Дмитрий (экс-президент Дмитрий Медведевдин урматына коюлган) аттуу уулдуу болушканын, башка да балдары бар экенин жазып жүрүшөт. Бирок мындай сөздөргө бир да далил келтирилген эмес.
7-октябрга карата жылнаама.