"Бут кийимине алтын катып...". Ошто Өзбекстандын жарандары кармалды

Ошто аткезчилик жолу менен ташылып келген 7,6 миллион сомдук зер буюмдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, Ош аэропортунда эки жаран 52 даана алтын билерикти бут кийимдердин таманынын атайын кесилген оюктарына катып алып кирүүгө аракет кылган. Алар Стамбул-Ош каттамы менен учуп келген Өзбекстандын К.М. жана Т.Г. аттуу жарандары экени айтылды.

"Товарлардын коштоочу документтери жок болгон", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган товардын жалпы салмагы 2 килограмм 406 граммды түзүп, орточо базар баасы 7 миллион 699 миң 200 сом деп бааланган.

Материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына боюнча өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан