Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча дагы эки кылмыш иши козголду

Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча дагы 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Анда Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган. Алар капиталдык курулуштардын курулушуна көзөмөл жүргүзүү жана аны эксплуатацияга кабыл алуу архитектура жана курулушту көзөмөлдөө органдарынын ыйгарым укугу болгондугуна карабастан Бишкек шаарынын Ынтымак конушунда курулган 3 жана 2 кабаттуу турак жайларды кабыл алуу жөнүндө ырастоо берип коюшкан.

Мындан сырткары аталган имараттар курулуп жаткан объектилердин реестрине киргизилген эмес.

Андан соң ээлери үйлөрдүн профилин жана планын өзгөртүшүп, көп батирлүү турак жай катары уруксат кагаздарын алып алышкан.

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз аракеттерден улам көп батирлүү турак жайлар эч кандай тийиштүү мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлбөстөн жана эксплуатацияга кабыл алынбастан колдонулуп, жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мэриянын аталган башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен 2 кылмыш иши козголгон. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан