Салмагы 70 килограмм. Дүйнөдөгү эң чоң алтын кайсы өлкөдө табылган?

Дүйнөдөгү эң чоң алтын 1872-жылы 19-октябрда Австралияда табылган.

Хилл-Энд кенинен табылган бул алтын плита формасында болуп, узундугу 144, туурасы 66, калыңдыгы 10 сантиметр болгон. Ал "Холтермандын плитасы" деп аталган. Бирок эритилип жиберилгендиктен сакталып калган эмес.

Андан кийин 70,9 килограммдык алтын ошол эле Австралиядан табылган. Ал дагы сакталып калган эмес.

Учурда дүйнөдөгү табигый түрүндө (самородок) эң чоң алтын Орусияга таандык. Ал 1842-жылы Түштүк Уралдын Миасс дарыясынын боюнан табылган "Чоң үч бурчтук" алтыны. Анын салмагы 36 килограмм болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан